• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо
Сүрөт: Азаттык

Чек арадагы жаңжалда кыргызстандык жаран жаракат алды

3 Чын куран 2018 20:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.04.2018.Govori.TV.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын бир жараны жеңил жараат алып, ооруканада жатат. Анын абалы туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы «Азаттык» радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, кыргыз тараптан бир үйдүн чатырына анча чоң эмес зыян келтирилген.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды талкуулады. Эки тараптан тең күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү окуя болгон жерде тартипке көз салууда.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңжал бүгүн, 3-апрелде саат 16:30дар чамасында чыккан. Анда Кыргыз өлкөсүнүн Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургундары менен Тажикстандын Исфара районунун Ходжа Аъло айылынын жарандары жаңжалдашкан.

«Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну үйүнүн жанына тосмо коюуга аракет кылган. Бирок ал айыл чек ара такталбаган жерде жайгашкандыктан, кандайдыр бир чарбаларды жүргүзүүгө болбойт. Аны эске албаган Кыргыз жараны тосмо кура баштаган. Ага нааразы болгон тажик жарандары каршылык билдиришкен. Алардын айтканын Кыргыз жараны аткарбаган соң, эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда пикир келишпестик келип чыгып, аягы таш ыргытышууга чейин жеткен. Учурда ал жерде Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акими сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жаңжалдан адамдар жаракат алган же албаганын тактап жатабыз. Жаңжал жарым сааттан кийин эле токтотулган. Мамлекеттик чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жатышат», — деп басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Количество просмотров: 42