• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Чек арадан 75 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды

14 Чын куран 2023 12:15 Бишкек Govori.TV

Ошто чек арадан 75 миң долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү каналдарына каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө КР жарандары А.М.И. жана А.у.А. “Достук-унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу 75 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан чыгарып кетүүгө аракет кылган жеринен кармалышты.

КР мМинистрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле КР улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык республиканын бюджетине 568 миң 230 сом (б.а. белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10%) кайтарылды.

Количество просмотров: 45