• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Чек арадан күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бара жаткандар кармалды

21 Бештин айы 2020 11:33 Бишкек Govori.TV

Финансы полициясынын Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча бөлүмү «Чалдыбар–унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары менен бирге күйүүчү-майлоочу затты өлкөгө мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда «Чалдыбар–унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунан күйүүчү майдын жыты бар 37 тонна суюк затты ташып бара жаткан «Вольво» жүк ташуучу унаасы кармалган. Аталган унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен көрсөтө алган эмес, ошондуктан товарларды эсепке алуу пунктунун мобилдик тобу аталган жүк ташуучу унааны кармоо жана унаа токтотуучу жайга жайгаштыруу иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 115