• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чек арадан мыйзамсыз өткөн тажик жарандары камакка алынды 

7 Бугу 202015:09 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Тажикстандын эки жаранын 1 айга камакка алынды. Мындай чечимди Баткендин райондук соту кабыл алганын «Марал» жазды.

Маалым болгондой, Тажикстандын 2 жараны Баткен районунун Достук айылына кирип келип аткезчилик аракеттерди жүргүзүп жаткан жеринен 3-майда милиция тарабынан колго түшкөн.

«Алар коронавирус илдетине карата текшерүүгө алынып, анализдери таза чыккан. Баткен райондук соту тажик жарандарынын баш коргоо чарасын карап, 1 айлык мөөнөткө убактылуу кармоо жайына камакка алуу чечимин чыгарган»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 257