• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандарды кармады

11 Бирдин айы 2019 11:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек 11.02.2019 Govori.TV.

УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандарды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Манас аба майданы» көзөмөл өткөрүү пунктунан эл аралык аба каттам менен учуп келген Нигериялык жарандар Икене Анайо жана Ахмед Оламилеканды кармашкан. Алар жасалма электрондук виза аркылуу мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет жасашкан.

Кармалган 2 жаран өз өлкөлөрүнө депортацияланды.

Количество просмотров: 21