Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде эртең менен 5:45тер чамасында Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажикстандык жарандар ок атуучу курал колдонуп, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолундагы боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаганын кабарлады.
«Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш жана жазыктарды каттоо реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.
Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, айылдык ооруканага түшкөн. Бул жагдай да Баткен райондук ички иштер бөлүмү тарабынан катталып, Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
«Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда», — деп билдирди Баткен областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.