• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын утуштары өтөт

22 Бештин айы 2023 13:28 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 25-декабрынан 30-декабрына чейин “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабын өткөрөт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 25-29-декабрда 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана 21 Dyson фени ойнотулат.

Утуштар күн сайын саат 13:00дө Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин жана чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Утуштар УТРК жана Ала-Тоо24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде өтөт. Башталышы 15:00дө.

Жарандардын лотереяга катышуусу ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуусун коомдук контролдоонун натыйжалуу формасы болуп саналат, ошондой эле аларга баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Учурда салык кызматынын лотереясына 400 миңден ашуун кыргызстандык катышууда.

Количество просмотров: 286