• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Белгилүү актёр зордуктоого шектелип камалганы айтылды

2 Чын куран 2022 13:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте чет элдик 27 жаштагы Ш.С. аттуу аялды зордуктоого шектелип М.Ч. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер») менен каттоого алынган.

Шектүү М.Ч. эки айга камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.

Айрым маалымат каражаттары шектүү таанымал актер жана режиссер экенин жазып чыгышты.

Количество просмотров: 167