• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

«Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзамын ЖКнын дагы бир комитети 1-окууда колдоду

10 Тогуздун айы 2023 14:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-октябрдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорук карап, биринчи окууда жактырды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары — Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Айжигитов С.А., Түмөнбаев А.Т., Исаева Дж.К., Малиев А.К.

Белгилей кетсек, бүгүн комитет аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү тууралуу” Комитеттин чечими каралмак. Бирок, депутат Замирбек Мамасадыковдун сунушу менен биринчи окууда кароо чечими жактырылды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова маалымат берди.

Мындан соң комитет мүчөлөрү мыйзам долбоордун концепциясын биринчи окууда колдоп беришти. Мыйзам добооруна бир гана депутат Гуля Кожокулова каршы добуш берди.

Ал эми 17-октябрда парламенттик угуу өткөрүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору 3-октябрдагы Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде каралып биринчи окууда жактырылган. Анда бир катар кайчылаш пикирлерден улам талаштуу бул мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.

Эске салсак, мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын «чет элдик өкүл» деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Ошол эле учурда айрым депутаттар авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 85