• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

ЖК комитети “Чет элдик өкүл жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

3 Тогуздун айы 2023 15:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-октябрдагы Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда карап, жактырды.

Демилгечилер Жогорку Кеңештин депутаттары — Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Айжигитов С.А., Түмөнбаев А.Т., Исаева Дж.К., Малиев А.К.

Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова маалымат берди.

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын «чет элдик өкүл» деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Ошол эле учурда айрым депутаттар авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 209