• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды

25 Бугу 2023 10:28 Бишкек Govori.TV

Чет элдик жаран кызмат адамына пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-майда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерине ишкердик субъектисинин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу үчүн пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда чет элдик жаран К.А. кармалды.

Кармалган чет элдик жаран кампалардагы товарлардын калдыктарынын суммасын азайтуу максатында салыкчыга 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 73