18-майга караганда Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүңдөгү чет элдиктер жашаганы айтылган имараттын жанында миңге чукул жаран топтолду.
Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп чогулгандарды таркатты.
Бишкек ШИИББ шаардыктарды жана конокторду чагымчылдыкка алдырбоого, ал эми жалган маалымат таратып жаткандарды коомчулукту адаштырбоого чакырып, мындай аракеттер үчүн жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
17-майда интернетте «чет элдиктер аралашкан» деген бир нече адам катышкан мушташ тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан.
Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганын кабарлады.