• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чет элдиктерди эрмектеген милиция кызматкерлери

30 Тогуздун айы 2018 18:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.10.2018.Govori.TV
Чет өлкөдөн келген конокторду милиция кызматкерлери, учактан түшөөрү менен документтерин текшерип, чочутушту. Бир аптанын ичинде эле ушундай эки учур катталды. Кыргызстанга келген чет элдиктерге меймандостуктун ордуна милициялар кыр көрсөткөн жатабы?
28 -октябрда Украинанын жараны Андрей Иванов, Бишкекте тренинг өтүп жатканда,аны  милициялар кармап кеткен. Анда ал «АКШдан автоунаа алып келип, кантип сатса болот?» аталышындагы бизнес тренинг өтүп жаткан. Ал эми милиция өкүлдөрү иш-чараны өтүүгө уруксат кагазынын жок экенин айтышкан. Жыйынтыгында ага карата административдик айып тагылып, 10 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөө милдеттендирилген.
Көп өтпөй дагы бир тасма интернетте тарады.  Анда «Манас» эл аралык аэропортунан чет элдиктерди миграциялык, визалык текшерүүдөн өткөн соң, конокторду милиция кызматкерлери тосуп алышты.
Бул көрүнүш коомдо ар кандай пикир жаратты. Милиция кызматкерлери эмне үчүн өлкөгө көлөкө түшүрүп жатканы тууралуу жооп беришти.
Чет элдиктер кыргыз жерине түшкөндө эле орой мамилеге кабылганы, алардын өлкө тууралуу терс пикири жаралууда. Коопсуздукту сакташ керек, бирок айрым кызматкерлердин чектен чыгып кеткени ИИМдин министрине да аброй алып келбейт.

Количество просмотров: 26