Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жарандарды чет өлкөдө ишке орношуу боюнча чечим кабыл алууда этият болууга жана жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин уруксаты бар-жогун сөзсүз текшерүүгө чакырат.
Алдамчылардын курмандыгы болуп калбаңыздар. Ошондуктан, агенттиктердин мыйзамдуу ишмердүүлүгүн расмий сайттан текшерүүгө болот: https://migrant.kg