• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Чет өлкөлүк өкүлдөрдүн» реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо бекитилди

20 Бугу 202414:33 Бишкек Govori.TV

Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү жана алардын ишин текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу Юстийия министрлигинин сайтында маалымдалат.

Белгиленгендей, 16 май күнү “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 72 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин жүргүзүү жана алардын ишин текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

 “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 171-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруунун алкагында, тиешелүү арыздар, 2024 жылдын 16 май күндөн тартып 2 (эки) айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берилиш керек (коммерциялык эмес уюмдарды Чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыздар).

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров бейөкмөт уюмдарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачкан талаштуу мыйзамга 2-апрелде кол койгон.

Ал 7-апрелде улуттук “Кабар” агенттигине ушул мыйзам боюнча берген маегинде “өкмөттүк эмес уюмдарга куугунтук болбойт” деп билдирген. Президент Юстиция министрлигинин маалыматына таянып, Кыргызстанда 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаты жана алардын катышуусу менен иш алып бара турганын кошумчалаган.

Количество просмотров: 108