• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

“Бейөкмөт уюмдар” жөнүндөгү мыйзамды демилгелеген топтон дагы 3 депутат чыкты

5 Теке 2023 17:00 Бишкек Govori.TV

Дагы бир нече депутат “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечилер тобунан чыгышкан. Бул тууралуу ЖКнын сайтындагы малыматта көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, «чет элдик өкүл» боюнча мыйзамга авторлош болуудан депутат Шайырбек Ташиев, Айгүл Айдарова жана Нурбек Алимбеков баш тарткан.

Эске салсак, бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Количество просмотров: 92