• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Чет өлкөлүк өкүл» мыйзамын депутаттар биринчи окууда колдоп беришти

25 Тогуздун айы 2023 11:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору ЖКнын жалпы кароосуна чыгарылды.

Депутат Нарматова негизги автор болгон мыйзам долбоорун депутаттар биринчи окууда дээрлик суроо-жоопсуз эле жактырып беришти. Мыйзам долбооруна 52 депутат макул ал эми 7 эл өкүлү каршы добуш беришти.

Белгилей кетсек, жыйында мыйзам долбоорунун автору депутат Надира Нарматова баяндама жасагандан кийин төрага Нурланбек Шакиев сунуш-пикирлер болсо экинчи окууга чейин жазуу түрүндө берүү керектигин айтып, документти добушка койду.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутат Гуля Кожокулова муну сынга алып, парламенттин регламенти сакталбай калганын эскертти.

Эске салсак, 17-октябрда Жогорку Кеңеште «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөн. Парламенттик угууга катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, өз сунуштары билдиришкен.

Буга чейин «Чет элдик өкүл» мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин эки тармактык комитетинде биринчи окууда колдоо тапкан болчу.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып жатышат.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 66