• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда визасыз жүрүү тартибине өзгөрүү кирди

21 Тогуздун айы 2023 12:08 Бишкек Govori.TV

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартиби боюнча кабыл алынган жаңы эрежелер бүгүн, 21-октябрдан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.

Буга чейинки тартипте чет элдик жарандар Кыргызстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрүп, мөөнөт бүткөндөн кийин башка өлкөгө чыгып кетип, кайра кирип, дагы 30 күн эркин жүрүп келишкен. Жаңы тартипке ылайык, эми алар 90 күн каттоосуз жүрсө болот. Мөөнөт бүткөндөн каттоого турушу же өлкөдөн чыгып кетиши кажет. Кайра да каттоосуз жүрүү үчүн чыгып кеткенден 90 күндөн кийин гана Кыргызстанга кайтып келе алышат.

Бул тартип ЕАЭБ мамлекеттерине да тиешелүү болуп, алар Кыргызстанда 90 күндөн ашык жүрүүнү ниет кылса, сапардын максатына жараша уруксат кагаздарын алууга тийиш. Документтерге жашаган жери боюнча каттоо, убактылуу жашап турууга уруксат, «Кайрылман», «Мекен-карт» макамдары кирет.

Ошол эле учурда Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан мамлекеттеринин жарандарын 180 күндөн ашык мөөнөткө каттоого уруксат берилбейт. Бирок сапардын максатына жараша узартып алууга укуктуу болот.

Аны менен катар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын басылмаларында тарап жаткан «Орусия жарандары үчүн visa-run системасы жоюлганы тууралуу» маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Кыргызстанга жеке максаттары менен кирген Орусия жарандарын баштапкы каттоо 180 күнгө толтурулат. Бул алардын укугун чектебейт. Тартип чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүүсүн иретке салуу максатында кабыл алынган.

Бул жаңы тартипти ушул жылдын 10-октябрында Министрлер кабинети бекиткен.

Теги:
Количество просмотров: 191