• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кытай элчилиги кыргызстандыктар үчүн виза алуу тартибин жеңилдетти

18 Бештин айы 2023 13:54 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кытайга виза берүү тартиби жеңилдетилди.

Мындай жыйынтык КР Тышкы иштер министрлиги кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилгендигин тышкы саясий ведомстводон билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 2023-жылдын 17-декабрынан баштап Кытай Эл Республикасынын элчилиги виза алуу үчүн документтерди тапшыруу үчүн милдеттүү түрдө алдын ала электрондук каттоодон өтүү талабын жокко чыгарды.

Элчиликтин Консулдук бөлүмү Кытай Эл Республикасынын визасын алуу үчүн кайрылгандарды белгиленген кабыл алуу күндөрүндө жана сааттарында кезек күтүү тартибинде кабыл алат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын ишкерлерине, ошондой эле Кытай Эл Республикасына иш сапары менен же маданий, илимий, билим берүү иш-чараларына катышуу максатында бара турган Кыргыз Республикасынын жарандарына Кытай Эл Республикасынын визасын алуу үчүн атайын штрих-код менен кытай тараптан чакыруу алып келүү талабы жокко чыгарылды. Кыргыз Республикасынын жарандары чакыруусу, ошондой Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын өтүнүчү/кайрылуусу болгон учурда Кытай Эл Республикасынын тийиштүү категориядагы визасын алуу үчүн кайрыла алышат.

Ошону менен бирге министрлик үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрынан баштап апостиль болгон учурда Кытай Эл Республикасынын аймагында колдонууга арналган Кыргызстандын документтерин консулдук легалдаштыруу талап кылынбай турганын эскертет.

Министрлик кытай тараптын Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кытай Эл Республикасына кирүү шарттарын этап этабы менен жеңилдетүүгө даярдыгын оң белгилейт.

Количество просмотров: 87