• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан кыздардын тизмеси түзүлөт

24 Чын куран 201916:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

Чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан өзбекстандык кыздар атайын тизмеге киргизилет. Максат – алардын бөтөн элдеги жашоо шарты тууралуу маалымат чогултуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу.

22-апрелде Өзбекстандын Аялдар комитети маалымат жыйынын өткөрүп, дал ушул маселени талкуулашты. Конференция учурунда чет өлкөлүктөргө турмушка чыккан кыздардын тизмеси тышкы иштер министрлиги менен бирге түзүлөрү айтылды.

Комитет мындай жол менен чет мамлекеттерде жүргөн кыздарынын укуктарын коргоого ниеттенүүдө.

Буга чейин кытайлык жарандарга турмушка чыккан өзбекстандык кыздар күйөөлөрү тарабынан зомбулукка кабылып жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Өзбекстан консулдугу бул кыздардын паспортторун калыбына келтирүүгө жана мекенине кайтууга көмөк көрсөткөн.



Количество просмотров: 26