• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чет өлкөлөрдө абакта олтурган кыргыз жарандарынын саны айтылды

17 Чын куран 2019 11:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.04.2019.Govori.TV.

1782 Кыргызстандык жарандар башка өлкөлөрдө кылмыш жазасына тартылып, абакта олтурушат. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйында депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«ТИМдин маалыматына ылайык, азыркы күндө 1782 Кыргызстандык жаран чет өлкөдө камакта өзүнүн жазаларын өтөп жатышат. Россияда — 1453, Казакстанда — 212, Тажикстанда — 34, Өзбек өлкөсүндө — 19, Кытайда — 18, Германияда — 14, Турцияда — 8 адам камакта жазаларын өтөөдө»,- деди Жамшитов.

Быйылкы жылга карата 124 жаран жазасын өз өлкөсүнөн өтөө үчүн
экстрадицияланганы кошумчаланды.

Эске салсак, бүгүн Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдагы иш тууралуу отчет берүүдө.

Количество просмотров: 4