Абакта отурган ишкер Имамидин Ташов өзүнө дагы кол салып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.
Имамидин Ташов бүгүн 17-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагында өзүнө дагы кол салып, ошондон кийин Улуттук хирургия борборуна “тез жардам” менен жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкердин адвокаты Нурсултан Жаныбеков айтып, маалыматты иниси Сүйүн Ташов да ырастаган.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саат 14:00дө анын иши боюнча соттук отурум болмок.
Буга чейин да Имамидин Ташов 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда соттук жыйын аяктагандан кийин белгисиз нерсе менен мойнун тилип жиберген. Ооруканага көрсөтүлүп, кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген.
Буга чейин судья Чыңгызбек Бердимуратов аны 2025-жылдын 8-февралына чейин камакта калтырган.