• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Чикагодо Кыргызстандын Башкы консулдугу иштеп баштады

9 Баш оона 2022 12:22 Бишкек Govori.TV

Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу иштеп баштады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле АКШда Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү Жарлыгы менен АКШнын Чикаго шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу түзүлгөн.

Зарыл ченемдик-укуктук базаны түзүүгө багытталган тиешелүү иштер, ошондой эле башка уюштуруу маселелери аяктады.

Башкы консулдук 2022-жылдын 8-августунда төмөнкү дарек боюнча иштей баштады:

  • 100 N La Salle, Чикаго, IL, 60602, Suite 1610.
  • Телефон: 312 994 2416
  • Ишеним телефону: 312 929 3442
  • Email: [email protected]

Башкы консулдуктун консулдук округуна АКШнын төмөнкү 31 штаты кирет: Айдахо, Айова, Аризона, Арканзас, Вайоминг, Вашингтон, Висконсин, Гавайи, Иллинойс, Индиана, Калифорния, Канзас, Кентукки, Колорадо, Луизиана, Миннесота, Миссисипи, Миссури, Мичиган, Монтана, Небраска, Невада, Нью-Мексико, Огайо, Оклахома, Орегон, Түндүк Дакота, Теннесси, Техас, Түштүк Дакота, Юта.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Борбиев Болотбек Ибраимович Америка Кошмо штаттарынын Чикаго шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалган.

Количество просмотров: 95