• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чоң-Алайдагы Ленин чокусунда польшалык альпинист каза болду

8 Теке 2021 17:04 Бишкек Govori.TV

Чоң-Алай районунда жайгашкан Ленин чокусунда польшалык альпинист каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү болжол менен саат 7:15тер чамасында Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун 5100 метр бийиктигинде Польшанын 1971-жылы туулган Б.П. аттуу жараны жүрөгү кармап каза болгон.

«2-июлда базалык лагерге россиялык 12, ал эми польшалык 2 альпинист келген. Эки күндөн соң 4400 метр бийиктикке, дагы эки күндөн соң 4800, ал эми 7-июлда 5100 метр бийикке чыккан. Кайра түшүп келе жаткан учурда саптын алдындагы П. Б. эс-учун жоготуп жыгылган. Жасалма дем алдыруу кылганы менен өзүнө келе албай каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 118