• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ленин чокусунда гид жана альпинист көз жумду

6 Баш оона 2018 11:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.
Чоң-Алай районунун аймагындагы Ленин чокусунда 2 адам көз жумду. Бул туурасында  Альпинист жана туристтер менен иштеген «Чоң-Алай турист» фирмасынын жетекчиси Өмүрбек Алпаизов turmush сайтына билдирген.
Анын айтымында, биринчи кырсык 6180 метр бийиктикте болгон. Ал жерде швейцариялык альпинист тоңуп каза болду.
Ошол эле чокуга жакын альпинисттердин 2-лагери менен 3-лагеринин ортосундагы жаракага гид түшүп кеткен. Азырынча алардын кайсыл күнү көз жумганы белгилүү эмес.
«Чокунун 6180 метр бийиктигинде тоңуп каза болгон альпинист швейцариялык экени айтылып жаткан. Анын так ошол өлкөдөн экенин билбейм. Бирок бул жердеги альпинисттердин айтымында, ал щвейцариялык экен. Ал эми 2-лагер менен 3-лагердин ортосунда жаракага түшүп кетип каза болгон гид боюнча толук маалыматым жок. Болгону бул экөөнүн каза болгону боюнча 4-5 күн мурун уктум», — деди Ө.Алпаизов.
Эске салсак, буга чейин кыргызстандык альпинист Семен Дворниченко менен Москва шаарынан келген Наталья Чионова аталган чокудан түшүп келе жатканда кар көчкүнүн алдында калып каза болгон болчу.
Количество просмотров: 39