• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ленин чокусунан жоголгон Орусиялык жаран изделүүдө

29 Теке 201913:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 45 жаштагы Орусиянын жараны изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 45 жаштагы орус жараны акыркы жолу 27-июлда Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, ошол бойдон дайынсыз болууда.

Ал эми  издөө иш-чараларына Ак-Сай Трэвел туристтик компаниясынын 3600 жана 4000 метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулары тартылган.

Кошумчалай кетсек, дайынсыз болуп жаткан Орусиянын жараны Кыргызстанга эс алганы келген.

Количество просмотров: 56