Чоң-Алайда «Мерседес-Бенц» оодарылып, 27 жаштагы айдоочусу каза болду
Чоң-Алайда «Мерседес-Бенц» оодарылып, 27 жаштагы айдоочусу каза болду
26 Чын куран 2018 16:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек 26.04.2018. Govori.TV
26-апрелге караган түнү Чоң-Алай районунун аймагында катуу ылдамдыкта бара жаткан автоунаа бир нече жолу оодарылып, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Окуя бүгүн, 26-апрелге караган түнү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын катышуусунда Сары-Таш—Карамык автоунаа жолунун 74-чакырымында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу — Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен оор жаракат алган айдоочу окуя болгон жерде көз жумган.