Бишкектин Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кызын машина коюп кеткен келин табылды. Бул туурасында көрсөтмө бергендеги видеосун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы жарыялады.
https://www.facebook.com/143128539692601/videos/146786349326820/
Эске салсак 19-февралда саат 14:20лар чамасында энеси менен жолду туура эмес жерден кесип өтүп бараткан кызды машина коюп кеткен. Көзөмөл камерага түшүп калган видедо соккудан кыз бир канча метрге чейин ыргып, энеси аны жолдун чекесине алып чыкканын көрүүгө болот. Андан соң жабыркагандар аларды коюп кеткен машинага отуруп, батышты көздөй бет алышкан.
https://www.facebook.com/143128539692601/videos/146753359330119/
«Кызым 5-6 метрге ыргып кеткенде ага чуркап бардым. Айдоочу бизди балдардын №3 ооруканасына алып барды. Жолдо баратканда бизди сүзүп алганын айтпагыла деп суранып, кулап кеттик деп айткыла деген. Жолду туура эмес жерден өткөндүктөн өзүм макул болдум. Ооруканада кезек көп экен, кызым дагы дарыгерге барууну каалаган жок. Айдоочунун бир таанышы бизди коштоп барган. Ал кызымдан «бир жериң ооруп жатабы» деп сурады. Кызым жок деген. Кийин ал бизди балдардын Жалдагы ооруканасына алып барууну сунуштап, оорукананын кире беришине чейин жеткирди», — деп эне түшүндүрмө берген.
Аял шок абалында болгондуктан айдоочунун аты-жөнүн сурабай калганын кошумчалаган.
Кыз менен аялды милиция эки күн издеген.
Милициянын маалымат кызматы машина коюп кеткен кыз толугу менен медициналык кароодон өтүп, эч кандай жаракаты жок экенин кабарлады. Денесинин айрым жерлери гана сыйрылып, кыз катуу коркуп калган.
Кызды коюп кеткен ВАЗ 211 автоунаасынын мамлекеттик номери аныкталып, айдоочуну кармоо аракеттери көрүлүүдө.