• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чоң-Арыкта Чубак ажы Жалилов атындагы көчө пайда болду

11 Баш оона 2020 13:44 Бишкек Govori.TV

Бишкектин түштүгүндөгү Чоң-Арык айылында Чубак ажы Жалилов атындагы көчө пайда болду. Бул тууралуу Govori.TVга окурмандар билдиришти.

Чоң-Арык айылынын кире беришиндеги биринчи көчөгө аалымдын ысымын ыйгаруу чечимин жергиликтүү тургундар кабыл алышып, “Чубак ажы Жалилов көчөсү» деген такта орнотушкан.

Эске салсак, мурдагы муфтий, Уламалар кеңешинин мурдагы мүчөсү жана диний ишмер Чубак ажы Жалилов 11- июлда пневмония илдетинен каза болгон.  Анын сөөгү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Мундуз айылында жерге берилип, акыркы сапарга узатуу зыйнатына миңдеген киши катышкан болчу.

Количество просмотров: 134