• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо 47 жашка чыкмак

21 Үчтүн айы 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов көзү тирүү болгондо бүгүн 47 жашка чыкмак. Ал 2020-жылы пандемиянын курмандыгы болду.

Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

Сауд Аравиядагы «Умм аль-Куро» эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда араб тили, андан соң фикх боюнча билимин жогорулаткан.

Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-1998 — Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
  • 2005-2007 — Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
  • 2008-2010 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде мугалими;
  • 2010-2012 — Кыргызстандын азирети муфтийи;
  • 2020-жылдын 11-июлунда оорудан улам каза болду.
Количество просмотров: 108