Чоң-Арык айылындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери обсервацияга жаткырылат. Бул тууралуу Govori.TV га аталган медициналык борбордун дарыгерлери билдиришти.
Белгилей кетсек, бүгүн,17-апрелде Чоң-Арык айылындагы №17 үй-бүлөлүк медицина борбору дезинфекциялоо үчүн жабылган. Буга аталган борбордо иштеген төрт дарыгердин коронавирус жуктуруп алгандыгы себеп болгон.
Ал эми министрлик азыркы убакта байланышта болгон жактар аныкталып жатканын билдирген болчу.