• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чоң Чүй каналына 5 жаштагы бала чөгүп кетти

11 Баш оона 20209:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналына 5 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына (БЧК) 2015-жылы туулган бала чөгүп кеткен.

Издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган, азырынча натыйжа жок. Баланы издөө иштери бүгүн дагы улантылат.

Количество просмотров: 139