• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы баланын сөөгү табылды

18 Баш оона 202012:49 Бишкек Govori.TV

Куткаруучулар Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 5 жашар наристенин сөөгүн табышты. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 10-август күнү Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө орун алган.

«Куткаруучулар күн сайын аткарган иш-аракетинин натыйжасында сөөктү 18-август күнү табышты. Жалпысынан издөө иштерине ӨКМден 21 куткаруучу тартылган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 226