• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен аял изделүүдө

14 Теке 202010:38 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 41 жаштагы аялдын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй районунда 13-июль күнү Алга айылындагы каналга 1979-жылы туулган аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. 

«Издөө иш-чараларын жүргүзүү максатында жерине  ӨКМдин №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган»,-деп айтылат маалыматта.

Издөө иш-чаралары бүгүн, 14-июль күнү  улантылынат.

Количество просмотров: 242