• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чоң Чүй каналынан аялдын сөөгү табылды

2 Теке 202111:52 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналынан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналга аял киши (аты-жөнү такталууда) түшүп кеткен. Аталган канал Чоң Чүй каналына кошулуп кетет. Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында куткаруучулар тарабынан П.Лумумбы көчөсүндө Чоң Чүй каналынан аял кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 228