Бүгүн Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы баланы издөөгө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу, Талас шаардык өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 5 куткаруучу жалпы 10 куткаруучу 2 кайык менен чыгышкан. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Чоң Чүй каналынын жанында жүргөн адамдар сууда адамдын сөөгү агып баратканын көрүп, куткаруучуларга маалымат берген. Куткаруучулар адамдын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Эске салсак, 23-август күнү Көк-Жар айылынан Чоң Чүй каналына 15 жаштагы А.А. аттуу бала сууга түшүп кеткен.