• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Чоң Чүй каналынан 3 адамдын сөөгү чыгарылды

26 Кулжа 20269:01 Бишкек Govori.TV

Кемин районунда адам өлүмү менен коштолгон кырсык катталды.

Маалыматка ылайык, Подгорный айылында «Audi C4» үлгүсүндөгү унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

«Куткаруу иштеринин жыйынтыгы чөгүп кеткен унаа крандын жардамы менен суудан чыгарылып, ичинен 3 эркектин сөөгү табылды. Маркумдардын аты-жөндөрү такталууда, сөөктөр милицияга өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 20