• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

11 Кулжа 202118:10 Бишкек Govori.TV

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-июнь Бишкектин Коммунаров көчөсүндө Чоң Чүй каналына 1978-жылы туулган Ж.Н. аттуу эркек киши сууга түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин улантуу максатында 21 куткаруучу тартылган.

«10-июнь күнү саат 19:00дө Сокулук районунун Новопавловка айылынын Тынчтык калктуу конушунда Чоң Чүй каналынан жергиликтүү тургундар тарабынан эркек адамдын сөөгү табылды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 769