• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бишкекте эс алуучу жайда эркек киши кызды башка чаап салган (видео)

7 Бугу 2024 11:10 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде эркек кишинин кызды башка чаап салган видеосу тарады.

Бишкек ШИИББдин маалыматы боюнча, 5-май таңкы саат 04:30дар чамасында милицияга Киев көчөсүндө жайгашкан көңүл ачуучу жайда мас абалындагы жаран эс алуучу кызды башка чапканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлерине 2002-жылы туулган жабырлануучу кыз арыз менен кайрылган.

Кошумчалангандай, шектүү делген 1997-жылы туулган М.М. аттуу жаранды тергөө кызматына жеткирүү учурунда, өзүн агрессивдүү алып жүргөн. Ал адепсиз сөздөрдү айтып, милиция кызматкерлерин мушташка түрткөн жана милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, активдүү каршылык көрсөткөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна (Коомдук тартипти коргоо милдетин аткарып жаткан бийлик өкүлүнө же башка адамга каршылык көрсөтүү) ылайык кылмыш иши козголгон

Количество просмотров: 790