Ташкенте чогуу жашаган 38 жаштагы Кытай жаранын өлтүрүүгө айыпталган студент кыз 10 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Milliy TV телеканалы кабарлады.
Шайхантахур райондук соту 24 жаштагы студент кызды «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.
Иштин материалдарына ылайык, студент кыз быйыл 14-июнда психотроптук заттардын таасири менен жана курбусуна кызганып, бирге жашаган Кытайдын жаранына бир нече жолу бычак сайган. Ал алган жарааттарынан улам дароо каза болгон.