• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чокоевге болушкан маданият өкүлдөрү наамдарын тапшырууга даяр…

14 Үчтүн айы 2021 11:07 Бишкек Govori.TV

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков Маданият министрлигинин ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдарынан ажыратуу боюнча нааразы пикирин айтып чыкты.

Ал наамдардын пайдасы деле жок экенин айтып, өзү алган «Даңк» медалын тапшырууга даяр экенин кошумчалаган.

Бул сыңары пикирин алып баруучу Эркин Рыскулбеков да айтып, ырчыларды сыйлыктарынан ажыратуу туура эместигин, эгер аталгандай кадамга барышса, ал өзүнүн сыйлыктарын да министрликке алып барып тапшырып берерин билдирген.

“Ютубдагы шоу албетте “өтө жаман” нерсе. Бирок Маданият министрлиги Кайрат менен Куралдын сыйлыктарын тартып алууга аракет кылса мен өзүм барып бардык сыйлыктарымды тапшырып берем”, – деп жазган алып баруучу “Твиттер” баракчасына.

Ал эми алып баруучу Урмат Борченов жалпы элге кайрылуу кылып, кечиримдүү болууга чакырды.

Эске салсак, Курал Чокоевдин ютуб каналга чыккан долбоорунда көптөгөн сөгүнгөн сөздөр колдонулгандыктан коомчулуктун талкуусуна калган.

13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан чуулгандуу программанын автору Курал Чокоевди Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинен ажыратты. Ал эми чуулгандуу долбоорго конок болгон Кайрат Примбердиевди Эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Количество просмотров: 4859