Бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында бир нече депутат өкмөт мүчөлөрүнө нааразы болушкан. Депутат Марат Мураталиевдин айтымында, алар Таласка барганда ооруканага киришкен, бирок Мамкурулуштун башчысынын орун басары чалып, «Силер ал жерге эмнеге бардыңыздар? Эмнеге киресиңер» дегенин айткан.
Депутаттар Мамкурулуштун башчысын чакырып маалымат берүүсүн талап кылышкан. Жыйынга келген Мамкурулуштун башчысы Нурдан Орунтаев депутат Марат Мураталиев айтып жаткан маселеде түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтып, кечирим сурады.
Орунтаев өз сөзүндө депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуу, текшерилип жаткан курулуш тууралуу маалымат берүү максатында Мамкурулуштун кызматкерлери аларды коштоп жүрүүсү керек экенин айтып, аларды бара турчу сапары тууралуу алдын-ала маалымат берүүнү билдирди.
Анын бул жообуна ЖК төрагасы ынанган жок.
«Бүгүнкү жыйынга да келбей, өзгөчөлөнүп, чакыртылып келесиз. Жөн жүрүңүз, депутаттарга акыл үйрөтпөй. Ар бир бийликтин тушунда сиздей болгон «эрке» баласы болгон, алар эмне болгонун көрдүк. Эркелебей жөн жүрүңүз. Кыргызда сөз бар, «эркелесең эркеле, бирок чолчоңдобо» деген, чолчоңдобой жүрүңүз»,-деди Шакиев.