• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри камакка алынды

12 Бирдин айы 2024 11:32 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган факт аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди


Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында, мамлекеттик түзүмдөрдөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен кызмат адамдарынын байланышы такталып, уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум К.Асанбекке Чолпон-Ата шаарындагы 10 млн. сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар, Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган.

Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. 1 айга камакка алынды.

Белгилей кетсек, ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 145