• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Чолпон-Атада «Мейкин Азия» фестивалы расмий ачылды

21 Теке 20259:05 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында IV эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын «Мейкин Азия» фестивалынын расмий ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Түрксой уюмунун баш катчысы Султан Раев жана бир катар маданият өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген фестивалдын катышуучулары тааныштырылып, сахнада өз чыгармаларын аткарышты.

Эске салсак, фестиваль дагы эки күнгө уланат. Ар бир сынак Кыргызстандын жана чет өлкөлүк белгилүү жылдыздардын катышуусунда концерттер менен коштолот. Фестивалдын ардактуу коноктору I «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak болушат.

Количество просмотров: 129