• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чолпон-Атада өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды

23 Бугу 202311:20 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Атада өз жанын кыюуга аракет кылган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында аял киши көп кабаттуу үйдөн секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, милиция кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, үйдүн эшигин ачышкан.

Натыйжада 43 жаштагы Э.А. аттуу аял кишини өз өмүрүн кыюудан сактап калышты.

Количество просмотров: 110