• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чолпон-Атадагы жол кырсыгы 4 адамдын өмүрүн алды. Депутат Абжалиевдин уулу ооруканада

9 Теке 201911:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.

Чолпон-Ата шаарынын Бактуу-Долоноту айылындагы жол кырсыгынан жабыркаган төртүнчү адам каза болду. Бул туурасында «Sputnik.kg» агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, 7-июль күнү Чолпон-Атанын Бактуу-Долоноту айылында BMW X-7 үлгүсүндөгү автоунаа Lexus үлгүсүндөгү жеңил машина менен кагышкан. ЖКККББнын билдиришинче, кырсыктын кесепетинен Lexus автоунаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү окуя болгон жерден жан берген. Дагы эки жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилгени айтылган.

«Окуя болгон күнү Б.уулу Б. аттуу жигит ооруканага келгенден кийин каза болду. Ал эми К.Б. аттуу 24 жаштагы жигит 9-июлга караган түнү көз жумду. Кырсыктан жабыркаган дагы эки жаран Чолпон-Ата шаардык ооруканасына түшүп, биринчи жардамды алгандан кийин жашаган жеринен дарылануу үчүн Бишкекке алып келинген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган жол кырсыгынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековдун да жаракат алганы айтылган. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков депутаттын абалы оор экенин билдирди.

«Абалы оор, бизге мурдагы күнү түшкөн. Мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынып кеткен. Ал арткы орундукта жүргүнчү болуп бара жаткан экен», — деди Жумабеков.

Темирлан Токобеков 25 жашта, Бишкек шаардык кеңешине «Республика — Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен шайланган. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин кичүү уулу.

Булак: sputnik.kg.

Количество просмотров: 15