• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Чолпон-Атага Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары келди

2 Кулжа 202310:09 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Нурмухаммет Аманнепесов бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат.

Белгилей кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммити өтөт.

Количество просмотров: 67