• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чолпон Өмүрбай кызы: Аял үйдүн эле эмес, коомдун куту

30 Чын куран 2021 15:07 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын Чолпон Өмүрбай кызы 45 жашта.

Чолпон айым Нарын шаарынан келген.

«Өзүм эки кесиптин ээсимин юрист жана мугалим. Ушул жылы Нарын шаардык кеңешине талапкер катары шайлоого катыштым. Депутаттыкка аттанганымдын негизги себеби мугалимдердин көйгөйүн көтөрүп чыгуу болду. Депутаттык деңгээлде бул маселени көтөрүп, жардам берүү үчүн аракет кылып жатам. Бул тренингде көптөгөн суроолорума жооп алуу үчүн келдим. Өлкөдө өнүктүрүүдө аялдардын салымы чоң деп эсептейм»,-деди Чолпон Өмүрбай кызы.

Количество просмотров: 84