• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чолпон Султанбекова: “Биз мамлекеттин башаты болгон үй-бүлө маселесине өзгөчө көңүл бурабыз”

22 Аяк оона 2020 17:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна жигердүү катышып, коомдун жүгүн эркектер менен бирдей эле көтөрүүгө далалат кылып жатканы анык.  Ошол эле учурда, аялдардын укугу жетиштүү деңгээлде корголбой жаткандыгы айтылып келет.

«Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, социалдык маселелер боюнча мурдагы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова менен аялдардын коомдогу орду, алардын социалдык статусу жана укуктары тууралуу маектештик.

—  Саламатсызбы Чолпон Аалыевна, айтсаңыз, коомдо болуп жаткан саясий процесстерде аялдардын орду кандай?

Кыргыздарда “ эненин орду үйдө” деген түшүнүк калыптанып калган. Бүгүнкү коомдук саясий процесстерде аялдардын активдүүлүгү жогору. Саясий процесстерде айымдар позицияга бекем тургандыгы менен өзгөчөлөнүп турат деп айтсак болот. Менин оюмча, мунун жаман жагы жок, аялдар саясаттабы, коомдук турмуштабы, социалдык иштердеби активдүү болгону жакшы.

Анткени, аялдын көйгөйүн аял гана түшүнүп, жардам бере алат. Үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын укугу сыяктуу маселелерде аял депутаттардын активдүү экенин көрүп жатабыз. Демек, азыркы кыргыз коомунда аял саясатчылардын көп болгону пайдалуу деп ойлойм.

—  Конституциябызда аялдар жана эркектер бирдей укукка ээ экендиги так жазылган.  Бул иш жүзүндө сакталуудабы?

  — Кандайдыр бир деңээлде сакталып, бирок ошол эле убакта толук сакталган жок десек болот. Конституциябызда тең укукта деп жазылганы менен турмушта тескеринче эркектер алдынкы позицияда. Бийлик бутактарында деле эркектер басымдуу болуп, аялдар социалдык, билим берүү жана медицина тармагында калууда. Акыркы жылдары келечектүү лидер аялдарды тарбиялап чыга алган жокпуз.

 — “Жогорку Кеңеште аял  депутаттардын аздыгынан аялдардын укуктары боюнча демилгелер ишке ашпай калууда” деген пикирлер айтылып келет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Чындыгында, акыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеште аялдарга берилген квоталар сакталган жок. Ошондуктан, аялдар сан жагынан аз болууда. Албетте, айрым маселелерди кароодо гендердик азчылык болгон үчүн позицияларын алдырып жиберген учурлар болот. Эркек депутаттар айрым маселерди үстүртөн караса, аял депутаттар ага башкача мамиле кылат. Бир мисал, былтыр ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай деген чырактай кыздын окуясында да парламентте аялдар гана чырылдап чыгышкан. Мындан башка үй-бүлөлүк зомбулук, балдарды коргоо жана кары-картаңдардын социалдык абалын жакшыртууда аял депутаттар көп болсо жылыш болмок.

— «Кыргызстан» саясий партиясы жеңишке жетип парламентке келсе, аялдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында кандай иштерди аткарат?

Кудай буюруп, биздин партия жеңишке жетишсе, сөзсүз түрдө аялдардын социалдык көйгөйлүү маселерин көтөрүп чыгабыз. Аялдардын укуктары биринчи кезекте үй-бүлөдө корголсо, коомдо дагы корголот. Ошондуктан үй-бүлө маселесине баарыбыз олуттуу мамиле кылуубуз керек. Үй-бүлөнүн бекемдиги мамлекеттин пайдубалын түзөт. Биздин партиянын программасында социалдык маселелер: билим берүү, саламаттык сактоо, жаш балдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын маселесине көңүл буруу так жазылган. Андан тышкары ишкерликте да аялдарга эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүк берүү жолдорун караштырабыз.

Буйрутма  берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А.  «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 06.08.2020)

Количество просмотров: 138