«GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Чолпонай Талантбек кызы.
Чолпонай Талас облусунан келген 24 жашта. Мектептеги окуучуларга туура кесип тандоо, адашпай жошоо,рекетизм боюнча тренингдерди өткөрөт. Бүгүнкү күндө «Өлкөнүн келечеги» фондунда эмгектенет.
«Бүгүнкү күндө аялдар менен жаш балдар зордук-зомбулукка көп кабылат. Тренингде алган тажрыйба менен муктаж адамдын укугун коргоо мен үчүн жетишкендик»,-дейт Чолпонай